Бир программага өтүнмө жиберүү үчүн текст жазууга толгоо кармай албай отурам. Гугл дискимдеги Applications деген папканы ачсам, мурда сансыз жолу жазылып, сансыз жолу дарексиз кеткен өтүнмөлөрүмдүн документтери сакталуу экен. Анын арасынан былтыр бир резиденцияга жазган мотивациялык катымдын черновиги көңүлүмдү өзгөчө бурду. Төмөндө ошол каттын алгачкы абзацтарын калтырам:
2021-жылдын март айы. Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолуу айылдардын биринде алгачкы “Ромео” аттуу тасмамды тартканы даярданып жүргөн кез. Жаз келгенине карабай, бийик тоолуу айыл болгондуктан, уламдан-улам токтобой кар жаап жаткан. Күн сайын тасмага тартылчу балдар менен күндүзү репетиция кылып келип, түндөсү жылыткычы жок, муздак бөлмөдө төшөккө оронуп алып, экраны жаракага толгон кичинекей эски Redmi 4X үлгүсүндөгү телефондон ар кандай тасмаларды көрөм.
Бир күнү Ким Ки Дуктун "Ариран" тасмасын көрүп отургам. Тасмада режиссер өзүнүн ошол кездеги жан дүйнөсүндөгү оор абалы менен ачык бөлүшүптүр. Анын ыйлап сүйлөгөн сөздөрүн угуп отуруп, мен жалгыз эмес экенимди түшүндүм. Ким Ки Дук ушул тасманы өзүн жалгыз сезгени үчүн тартса керек. Анан ал тасманы көргөн дүйнөдөгү башка өзүн жалгыз сезген толтура адам өзүн жалгыз эмес сезсе керек. Тасманы ортосунан өчүрүп, өзүмдүн ойлорума жүгүрүп кеттим.
“Искусство жалгыздын иши. Искусство жалгыздыктан жаралат. Искусство жалгыз киши үчүн жаралат. Бири-бирине чоочундашкан, өзүнө-өзү чоочун адамдарды жалгыздыктан куткарыш үчүн жаралат искусство. Искусство жалгыздарды бириктирет. Искусство жалгыздыкты чагылдыруу менен жалгыздын жалгыздыгын унуткарат. Эч болбогондо жалгыз сен жалгыз эместигиңди түшүндүрөт. Искусство жок - тилдин баркы кетет, адамдар сүйлөшүүнү, пикир алышууну токтотот. Искусство болбой жашоолор өчөт, адамдар жашабай калышат, сүйбөй, сүйүлбөй калышат. А коркок адам, жалгыздыктан корккон пенде дайым искусство менен жашайт. Өзү үчүн эмес, тегерегиндегилер үчүн, тегерегиндеги жалгыздар үчүн.”
Бул ошондо өзүмдүн күндөлүгүмө шашылыш чиймелей салган абзац. Түшүнүксүз болсо кечирим сурайм. Ооба, менин мотивациялык катым ушинтип башталат. Киришүү көп болсо да кечирим сурайм.
Ооба, мен бир жалгыз пендемин. Күн сайын өзүмдүн сансыз ойлорум жана санааларым менен бетме-бет жалгыз калам. Жана күн сайын ал жүктү жеңилдетүү үчүн куткаруу издейм. Куткарууну мен дайым искусстводон табам. Бул эскапизм эмес, бул даарылануу, өсүү, үйрөнүү, сочувствие и сострадание.
Менин тасмаларым менин кичинекей дүйнөмдөгү жалгыздыкты, ал менен күрөштү чагылдырат. Менин каармандарым мага окшоп сезимдерин ачык билдире албаган, тартынчаак, көп сүйлөбөгөн, карама-каршылыктуу, түнт адамдар. Мен алар аркылуу көп учурда байкала бербеген сезимдерди экранда чагылдыргым келет.
Бул акылдуусунган сөздөр негедир жүрөгүмдү тешип кетти. Балким мен азыр өзүмдүн бир жалкий, бир одинокий адам экенимди сезип жүргөндөн болсо керек.
Алматыдамын. Кеткиче толтура досума жолугуп, толтурасы менен эч болбосо көрүшүп кетишим керек. Досторум көп. Бирок мен баары бир ошол эле жалкий, ошол эле одинокий пендемин. ска